Биз менен байланышыңыз

Депутат: Баткенге бөлүнгөн акча толук жетпей жатат

Кыска кабар | 4 Окт 2022 | 287 | 0

Былтыр апрель-май айындагы Баткен окуясынан кийин облусту калыбына келтирүү үчүн бюджеттен бөлүнгөн акчанын 98 пайызы берилди. Бул тууралуу Финансы министринин орун басары Улан Даникеев парламенттин тармактык комитетинин 4-октябрдагы жыйынында билдирди.

Анын маалыматына караганда, 2021-жылдын апрель айындагы кандуу окуядан кийин план боюнча Баткен облусуна 1 млрд 578, 4 млн сом бөлүү каралган. Анын 1 млрд 321,6 млн сому сарпталды.

Анын ичинде бир жолу берилүүчү кенемте 14,5 млн сом берилди, 12,4 млн сом кредит катары берилген, 559, 8 млн сом капиталдык салым беренеси боюнча бюджеттен бөлүнгөн.

Депутат Тазабек Икрамов суроо берип жатып, калган акча эмнеге бөлүнбөй жатканын сурады. Ал Баткен окуясында былтыр кетирилген кемчиликтер кайра кайталанып жатканын, мамлекеттик жетекчилердин жана кызматкерлердин шалаакылыгын сындады.

«Силер кечээки окуяны деле унутуп койдуңар силер, былтыркыны унуткансыңар. Эсептөө палатасы сиздер ушул маселени канчалык деңгээлде текшерип жатат?» 

Тажикстандын Кыргызстанга куралдуу кол салуусунан облус боюнча жалпы 640 үй талкаланып, өрттөлгөн. Алардын 423үн кайра салуу керек болсо, 217син капиталдык оңдоодон өткөрүү зарыл.

Андан тышкары 11 административдик-стратегиялык имарат, 27 коомдук имарат, 335 малкана-сарай, 197 турмуш-тиричиликти камсыздоо имараттары талкаланып, 61 унаа өрттөлгөн, 1 көпүрө жардырылган.

Баткен: Кенемтенин баасы дагы деле аныктала элек

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM