Биз менен байланышыңыз

Жапаров менен Ташиев Өзгөнгө Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча барды

Кыска кабар | 4 Окт 2022 | 2214 | 0

Бүгүн, 4-октябрда Өзгөн районунун эли райондук администрациянын алдына чогулду. Жергиликтүү тургундардын айтымында, алар Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча жетекчилер менен жолугушат.

Өзгөн шаарына президент Садыр Жапаров, башкы прокурор Курманкул Зулушев жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев барган. Элдин чогулушту сырттан өткөрүү талабына карабай, бийлик өкүлдөрү акимиаттын жыйындар залына кирип кетишкен.

Өзгөн районунун тургундары Кемпир-Абад суу сактагычын жана анын айланасындагы жер тилкелерин Өзбекстанга берүүгө каршы чыгышууда. Мындай митинг өткөн жылы да өткөрүлүп, анда УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев элдин талабы аткарыла турганын билдирген. 

Өзгөн эли Кемпир-Абад боюнча жыйынды ачык өткөрүүнү талап кылышууда

Copyright © 2017 Maral FM