Биз менен байланышыңыз

Алтынбек Максутов маданият министринин милдетин аткарат

Кыска кабар | 3 Окт 2022 | 907 | 0

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Алтынбек Максутов маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу Президенттин администрациясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Алтынбек Максутовдун талапкерлиги маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин кызматына дайындоо үчүн Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.

Ал 2014-жылдан 2016-жылга чейин Маданият, маалымат жана туризм министри кызматын аркалаган.

Copyright © 2017 Maral FM