Биз менен байланышыңыз

«Кут Билим» окуу-тарбия комплекси Ысык-Көлгө кыздардын мектебин ачты (сүрөт)

Кыска кабар | 1 Окт 2022 | 1399 | 0

Бүгүн, 1-октябрда Ысык-Көл облусунун борбору Каракол шаарында «Зирек» кыздар орто мектебинин ачылышы болду. Бул тууралуу жеринен кабарчыбыз билдирди.

«Кут Билим» окуу-тарбия комплексинин бөлүмү катары саналган бул мектеп ашар жолу менен салынып, ага жеке ишкерлер, жергиликтүү калк жана бийлик, «Адеп башаты» уюму, JIA бизнес ассоциациясы демөөрчүлүк кылган.

Айта кетсек, «Зирек» кыздар мектебинде окуулар 1-сентябрда эле башталган. Учурда 1-класстан 9-класска чейин жалпы 150 окуучу билим алып жатат.

Мектепте сабактар негизинен кыргыз тилинде жүргүзүлүп, кошумча англис, араб тилдери да окутулат. Ошондой эле окутуунун заманбап талаптары да эске алынып, айрыкча IT-тармагына, чыгармачылык-кесиптик билим берүүгө басым жасалат.

Ошол эле учурда алыстан келген кыздар үчүн атайын жатакана да уюштурулуп, анда 7-8-9-класстын окуучуларына орун берилет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM