Биз менен байланышыңыз

Акылбек Жапаров 102 жаштагы чоң апаны майрамы менен куттуктады

Кыска кабар | 1 Окт 2022 | 463 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен районундагы Рават айылынын 102 жаштагы тургуну Асал Абдиломутова менен кездешти.

Жапаров чоң апаны карылар күнү менен куттуктап, ала барган белектерин тапшырды.

Асал Абдиломутова 1941-1945-жылдарда болгон Улуу Ата Мекендик согуш учурунда жубайын кан майданга жөнөтүп, өзү тылда эмгектенген.

Айта кетсек, төрага Акылбек Жапаров баштаган Министрлер кабинетинин бир катар мүчөлөрү Баткен облусунда жумушчу сапар менен жүрүшөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM