Биз менен байланышыңыз

Аскер окуу жайын аяктагандардын келишим менен иштөө мөөнөтү узартылат

Кыска кабар | 1 Окт 2022 | 344 | 0

Аскер окуу жайын аяктагандардын атайын келишим менен кызмат өтөө мөөнөтүн беш жылдан он жылга узартуу сунушталды. Тиешелүү мыйзам долбоору Министрлер кабинетинин расмий сайты аркылуу коомдук талкууга чыгарылды.

Мыйзамга өзгөртүү киргизүүдөгү зарылчылык боюнча берилген түшүндүрмөдө Куралдуу күчтөрдүн курамында жогорку билимдүү жаш кадрлардын аз болуп жатканы айтылган.

Маалым болгондой, Куралдуу күчтөрдүн негизги тобун капитан-подполковник наамындагы командирлер түзүшү керек. Тилекке каршы, айрым кызматкерлер беш жылдан, тагыраагы, келишим мөөнөтү аяктагандан кийин иштен кетип калышат.

Беш жыл аралыгында аскер кызматкерлери капитан наамына гана жетет. Мындай эрте «бошоп кетүүлөр» офицердик курамдын, командирлердин ваканттык орундарын толтурууда олуттуу көйгөй жаратат.

Андан тышкары квалификациялуу адистердин жоктугу, офицердик курамдын кесиптик даярдык деңгээлинин төмөндөшү, кадр жетишсиздиги армиянын жалпы күжүрмөн жөндөмүнө терс таасирин тийгизип жатканы белгиленген сунушталган долбоордо.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM