Биз менен байланышыңыз

ӨКМ: 13 миңден ашуун тургун Баткендеги үйүнө кайта элек

Кыска кабар | 1 Окт 2022 | 231 | 0

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Баткен облусунда жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча маалымат берди.

Маалыматка караганда, Тажикстандын куралдуу кол салуусу учурунда үй-жайын таштап, коопсуз аймактарга чыгып кеткен Баткен облусунун 136 миң 770 тургунун ичинен учурда 123 миң 637си турак жайына кайтып келген.

Үй-жайы талкаланып калган жарандардын убактылуу баш калкалап туруусу үчүн облус боюнча 8 мекеме, 218 менчик үй даярдалган.

Учурда 595 куткаруучу, 7268 ыктыярчы 321 техника менен тазалоо иштерин жүргүзүп жатат.

Тажикстандын Кыргызстанга куралдуу кол салуусунан облус боюнча жалпы 640 үй талкаланып, өрттөлгөн. Алардын 423үн кайра салуу керек болсо, 217син капиталдык оңдоодон өткөрүү зарыл.

Андан тышкары 11 административдик-стратегиялык имарат, 27 коомдук имарат, 335 малкана-сарай, 197 турмуш-тиричиликти камсыздоо имараттары талкаланып, 61 унаа өрттөлгөн, 1 көпүрө жардырылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM