Биз менен байланышыңыз

АКШ, Улуу Британия, Канада Орусияга карата жаңы санкция салды

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Окт 2022 | 350 | 0

«Украинанын төрт облусун тартып алды» деген кине менен АКШ, Улуу Британия, Канада өлкөлөрү Орусияга дагы кошумча санкцияларды салды.

Үч өлкө санкция салган адамдардын тизмесине Орусия премьер-министри Михаил Мишустиндин, коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведевдин, Федералдык кеңештин төрайымы Валентина Матвиенконун, коргоо министри Сергей Шойгунун, Москванын мэри Сергей Собянин, дагы башка көптөгөн жетекчилердин үй-бүлөсү, жакындары киргизилген.

Айта кетсек, кечээ, 30-сентябрда Орусия президенти Владимир Путин буга чейин Украина аймактары болуп келген Луганск, Донецк, Херсон, Запорожье облустарына жаңы жетекчилерди дайындап, аталган жерлерди Орусия Федерациясынын курамына алуу боюнча келишимге кол койгон.

Орусия ушундай эле ыкма менен 2014-жылы Крым жарым аралын карамагына өткөрүп алган. Ушул эле жылы Луганск менен Донецк өздөрүн республика жарыялаганы, алардын көз карандысыз экенин 2022-жылы Орусия гана тааныганы белгилүү. Ал эми Херсон жана Запорожье облустары быйылкы орус-украин согушунда Орусиянын колуна өткөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM