Биз менен байланышыңыз

Президент Садыр Жапаров өлкөдөгү карыяларды куттуктады

Кыска кабар | 1 Окт 2022 | 286 | 0

Президент Садыр Жапаров 1-октябрь — Карылардын эл аралык күнүнө карата Кыргызстандагы карыяларга куттуктоо жолдоду.

Өлкө башчы өз куттуктоосунда эзелтен кыргыз элинде көкүрөгүнө салт-санаа уюткан, нарк-нускалуу байбичелерди, аксакалдарды урматтап келген улуу нарк бар экенин белгилеген. Ошондой эле карыяларды жаш муундарга жол көрсөтүп, аларга руханий жана адеп-ахлактык тарбия берип турууга чакырган.

Президент бул багытта жазылган «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» биринчи жарлыгын эске салып, ал коомдо руханий-маданий баалуулуктарды адеп-ахлакты бекемдөөгө арналып, жаңы тартипти, жаңы көз караштарды калыптандырууга багыттоочу негизги күч болуп берерин атап өткөн.

«Биздин милдет: тарыхый, маданий, руханий баалуулуктарды кылдат сактап келген улуу муундун өкүлдөрүнө татыктуу жашоо шарттарын түзүү, алардын коомго активдүү катышуусуна көмөк көрсөтүү. Бул багытта быйыл биз пенсияларды жана социалдык төлөмдөрдүн көлөмүн кыйла жогорулаттык. Кадырман карыларыбыздын узак жана сапаттуу жашоосун камсыз кылууга күч-аракетибизди жумшап жатабыз. «Карыны сыйласаң абийир табасың» деген накыл кеп бар. Биз баарыбыз улгаябыз, карылык ар бирибиздин башыбызда. Карыларыбызга кам көрсөк, ал Кудайдан кайтат», — деп айтылат өлкө башчынын куттуктоосунда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM