Биз менен байланышыңыз

Алмазбек Бейшеналиев: Эч кандай күнөөм жок (видео)

Кыска кабар | 30 Сен 2022 | 4247 | 0

Пара алууга шектелип кармалган Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевдин баш коргоо чарасы учурда каралууда.

Отурум Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда өтүүдө.

Алмазбек Бейшеналиев журналистердин суроолоруна жооп берип жатып, күнөөсү жок экенин, жакында баары ачыкка чыгарын, конверттеги акча билим берүү тармагына инвестиция үчүн берилгенин айтты.

Эске салсак, ал чет өлкөлүк студенттерди ата мекендик жогорку окуу жайларына кабыл алууда ири өлчөмдө пара алган деген негизде кармалган. Бул окуя коомдо катуу талкуу пайда кылган.

Учурда Биринчи Май райондук сотунун алдында Бейшеналиевдин 200дөн ашык тарапташы акталуусун талап кылууда.

Copyright © 2017 Maral FM