Биз менен байланышыңыз

Руслан Бекназаров камакта калтырылды

Кыска кабар | 30 Сен 2022 | 287 | 0

Бүгүн, 30-сентябрда Бишкек шаардык сотунда саясатчы Азимбек Бекназаровдун уулу Руслан Бекназаровдун баш коргоо чарасы каралды.

Бекназаровду 15-сентябрда Биринчи Май райондук соту тергөө мөөнөтү бүткөнгө чейин, башкача айтканда, 12-октябрга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына калтыруу чечимин чыгарган.

Жактоочулар бул чечимге нааразы болуп, шаардык сотко кайрылып, аны үй камагына чыгарууну талап кылышты. Бирок өтүнүч жактырылбай, соттун чечими менен Бекназаров камакта калтырылды.

Руслан Бекназаров Бишкек мэриясынын Свердлов административдик округу боюнча муниципалдык башкармалыгынын башчысынын орун басары кызматын аркалап келген. Ал Кылмыш-жаза кодексинин «экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу» беренеси боюнча айыпталган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM