Биз менен байланышыңыз

Карыларга кам көрүүгө багытталган концепция жазылды

Коом | 30 Сен 2022 | 941 | 0

1-октябрь — Карылардын эл аралык күнү. Кыргызстанда улгайгандар үчүн жалпы камкордук жеткиликтүү болбогондуктан, алардын коомго аралашуусуна, активдүү жашоосуна тоскоолдуктар көп. Буга байланыштуу Кыргызстанда узак жана күүлүү-күчтүү жашоону жайылтуу боюнча концепция иштелип чыгууда. Бул концепция карыларга өлкөгө салым кошо ала тургандай шарт түзүлүшүнө, бакубат өмүр сүрүшүнө багытталган. 

Бүгүн, өлкөдөгү карыяларга болгон мамиле, улгайгандардын абалы боюнча жүргүзүлгөн иликтөөнүн жыйынтыгы, ошондой эле карылардын активдүү жашоосуна багытталган концепция талкууланды.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин майыптарга жана улгайгандарга социалдык кызматтарды өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Назгүл Чолумова бул концепциянын зарычылыгына токтолду.

«Активдүү узак өмүр концепциясы пенсионерлердин укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү саясатына колдоо көрсөткөн социалдык жардамдын азыркы учурдагы парадигмасын алмаштырууга, өлкөнүн жарандарына өз жашоосунун сапаты жана улгайган курактагы жыргалчылыгы үчүн жоопкерчиликти алууга мүмкүндүк берген экономикалык жана укуктук базаны түзүүгө багытталган».

Улгайгандардын жашоо-шарты боюнча иликтөө алардын Кыргызстандагы реалдуу абалы жөнүндө маалыматтарды алуу, көйгөйлөрүн жана муктаждыктарын аныктоо максатында жүргүзүлгөн.

Анын жыйынтыгында, карылардын көпчүлүгү, айрыкча элет жериндеги карылар зомбулуктун кандайдыр бир түрүнө дуушар болушары айкындалган. Маселен, карылар экономикалык, эмоционалдык кысымга, кайдыгер мамилеге тушугушарын, мындан улам өздөрүн артыкбаш, коомго кереги жок адамдардай сезишерин айтып даттанышкан. Арасында тааныштарынын, кошуна-колоңдорунун кемсинтүүсүнө, басынтуусуна туш болгондор да бар.Үйүнөн куулган (0,1%), мүлкүн (0,08%), пенсиясын (0,06%) тарттырып ийген, сексуалдык зомбулукка кабылган (0,05%) учурлар да катталганы иликтөөдө жазылган.

Кыргызда «карысы бардын ырысы бар», «карынын сөзүн капка сал» деген накыл сөздөр болгону менен жашоодо дайыма эле колдонула бербейт. Муну Бириккен Улуттар Уюмуна караштуу Калкты жайгаштыруу фондунун өкүлү Бакытбек Кайназаров да айтты.

«Биз карыларды жардам ала турган гана катмар катары карабай, алардын коомго аралуушусуна салым кошушубуз керек. Чет өлкөлөрдө карылар активдүү иштеп жүрүшкөнүн көрсө болот. Биз болсо ата-апаларыбызды үйдө отургузуп, неберелерди бактыртып жатабыз. Бул туура эмес. Кары кишилерди үйдө кадады дегиче, алардын ден соолугу чектеле баштайт. Ошондуктан аларды колдон келишинче билим тармагына, экономикага катыштыртып, мүмкүнчүлүк түзүп берүү керек. Изилдөөлөрдүн негизинде карылардын ооруларга чалдыгуусу жаштарга салыштырмалуу 3-4 эсе жогору экени аныкталды».

Адистердин айтымында, өлкөдө бактылуу карылыкты башынан кечиргендер өтө аз. Себеби шарттар, мүмкүнчүлүктөр жокко эсе, пенсиянын көлөмү аз жана жакшы жумуштарга карыларды албайт. Муну менен бирге коомдо түрдүү стереотиптер бар.

Карыяларга карата басмырлоону болтурбоого багытталган мыйзам да бар. Бирок адистер анын бир топ беренелери чыныгы турмушта иштебей турганын айтышат.

Ал эми Эмгек, социалдык камсыздоо, жана миграция министрлигинин башкы адиси Гүлзада Айдаралиева буларга макул эмесин айтып, мамлекет карыяларга колдоо, көмөк көрсөтүп келе жатканын билдирди.

«Мамлекет улгайган жарандарыбызга көңүл буруп, жакшы жардам берип, аракеттер көрүлө баштады. Мамлекет тарабынан пенсиялар, жөлөк пулдар көрсөтүлгөн. Андан тышкары кароосуз калган карыяларга социалдык-стационардык мекемелерде кызматтар көргөзүлүп келет. Ошондой эле жалгыз жашагандарга социалдык кызматкерлер байма-бай барып, жардам көрсөтүп турушат».

Өлкөдө улгайгандар жалпы калктын 5%ын түзөт, бул сан жылдан жылга өсүүдө. Бириккен Улуттар Уюмунун божомолунда, 2030-жылга барып калктын 7%ын карылар түзүп калат.

Эмгек министрлигинин маалыматына караганда, 1990-жылдары балдардын аз төрөлүшү жаштардын санынын кыскарышына жана калктын демографиялык абалына таасир эткен.

Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча, 2020-жылга карата Жер шарындагы калктын 65 жаштан жогорку курагы рекорддук 9,32%ды түздү.

Copyright © 2017 Maral FM