Биз менен байланышыңыз

Бишкекте айыл чарба жарманкеси өтөт

Кыска кабар | 30 Сен 2022 | 135 | 0

Бишкекте 1-2-октябрда айыл чарба жарманкеси өтөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Жарманке 1-2-октябрда саат 8:00дөн 18:00гө чейин Биринчи Май районунун И.Раззаков көчөсүндө (Киев менен Токтогул көчөлөрүнүн ортосунда), 1-октябрдан 31-декабрга чейин ишемби жана жекшемби күндөрү саат 07:00дөн 19:00гө чейин Октябрь районунун Н. Жетикашкаева көчөсүндө (Айтиев менен А. Токомбаев көчөлөрүнүн ортосунда) болуп турат.

Свердлов районунда ушул дем алыш күндөрү эртең мененки саат 8:00дөн 18:00гө чейин Төрөкул Айтматов жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде өткөрүлөт.

Жарманкеде эт, сүт азыктары, ун, бал, жашылча-жемиштер, жумуртка жана башка көптөгөн азык-түлүктөр сатылат. 50 ата мекендик өндүрүшчү азыктарын тартуулайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM