Биз менен байланышыңыз

Президент Жапаровдун Түркияга болгон иш сапары аяктады

Кыска кабар | 30 Сен 2022 | 200 | 0

Президент Садыр Жапаровдун Түркияга иш сапары аяктады. Бул тууралуу Президенттик администрациянын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы Бурса шаарында Осмон мамлекетинин негиздөөчүсү жана анын жакындары коюлган «Осман казы жана Орхан казы күмбөзү» мемориалына барды.

Андан соң делегация мүчөлөрү менен биргеликте Изник ​​шаарын алуу үчүн салгылашууда курман болгон кыргыз жоокерлерине арналып тургузулган «Кыргыздар күмбөзү» мемориалына барышты.

Ушул эле күнү Садыр Жапаров Изник ​​шаарында IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышты.

Андан соң Кыргызстан менен Түркиянын лидерлери жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Садыр Жапаров менен Режеп Тайип Эрдоган биргелешкен кызматташуунун актуалдуу багыттарын жана кыргыз-түрк эки тараптуу мамилелеринин келечегин талкуулашты.

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-сентябрда Бишкекке кайтып келди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM