Биз менен байланышыңыз

IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышынан сүрөттөр

Кыска кабар | 30 Сен 2022 | 288 | 0

Кечээ, 29-сентябрда Түркиянын Изник шаарында IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары башталды.

Ачылыш аземдин алдында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган жолугушуп, андан соң эки өлкөнүн башчылары, ошондой эле атайын өкүлчүлүктөрдүн жетекчилери салтанат өтүүчү стадионго барышты.

Иш-чара түрк дүйнөсү менен көчмөндөрдүн маданиятына арналган театралдаштырылган шоунун коштоосунда болду. Аземдин алкагында түрк дүйнөсүнүн чыгармачыл жана бий топтору чыгышты, анын ичинде Кыргызстандан да 30га жакын маданият ишмери, «Камбаркан» фольклордук-этнографиялык ансамблинин музыканттары, солисттери, манасчылар өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Мындан тышкары ачылыш аземдин алкагында оюндарга катышуучу өлкөлөрдүн парады да өттү.

IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 29-сентябрдан 2-октябрга чейин «Биримдикти жана салтты сактайбыз, келечекке карайбыз!» деген ураандын алдында өтөт.

Оюндарга 102 өлкөдөн 3 миңден ашык спортчу катышат. Мелдештерге Кыргызстандын атынан 148 спортчу барган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM