Биз менен байланышыңыз

Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келет

Кыска кабар | 30 Сен 2022 | 415 | 0

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келет. Бул тууралуу Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Муса Жаманбаевдин Өзбекстандын тышкы иштер министринин орун басары Фуркат Сидиков менен жолугушуусунда айтылды.

Жолугушууда кыргыз-өзбек стратегиялык өнөктөштүгүн тереңдетүү боюнча өз ара милдеттенмелер айтылды. Акыркы жылдары эки өлкөнүн ортосундагы өз ара ишеним жана ынак коңшулаштык принциптерине негизделген мамилелерди чыңдоо багытында тарыхый кадамдар жасалганы белгиленди.

Элчи менен министрдин орун басары Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдун Кыргызстанга боло турган мамлекеттик сапарын даярдоо боюнча актуалдуу маселелерди талкуулашты. Ошондой эле визиттин алдында биргелешкен пландарды жана долбоорлорду ишке ашырууга көңүл бурушту.

Мындан тышкары парламенттер аралык байланыштарды чыңдоо жана Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовдун Ташкентке сапарын уюштуруу боюнча пикир алышты.

Copyright © 2017 Maral FM