Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Түркияда IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы өтөт

Билим-маданият | 29 Сен 2022 | 2048 | 0

Бүгүн Түркиянын Изник шаарында IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары башталды. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдиргендей, иш-чарага жүздөн ашуун өлкөдөн үч миңдей спортчу катышат. Кыргызстандын атынан жалпы 148 спортчу барды. Улуттук оюндар 29-сентябрда башталып, 2-октябрга чейин уланат. Анын алкагында «Манас» жумалыгы да өттү. 

Бүгүн Бишкек убактысы боюнча кечки саат 22:00дө Түркиянын Изник шаарында IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий ачылыш аземи өтөт. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров катышат. Ошондой эле бир катар маданият ишмерлери атайын коюлум тартуулайт.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалымат катчысы Айнура Асанбаева Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна Кыргызстан толук даяр экенин маалымдады.

«Кыргызстандын маданият ишмерлери жана спортчулары бүгүнкү күндө Түркия Республикасына толугу менен келди. Жалпы 148 спортчу бир катар оюндун түрлөрү менен катышат. Отузга жакын маданият ишмери ачылыш аземине катышат. Учурда оюндарга катышуучу чыгармачыл топтор Түркиядагы режиссёрдук топ менен биргеликте даярданып жатышат. Манасчылар, Чалагыз Исабаев атындагы «Камбаркан» фольклордук-этнографиялык ансамблинин жамааты, солисттери тарабынан коюлум тартууланат».

Буга чейин Кыргызстандын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына көрүлүп жаткан даярдыктар боюнча маалымат берип, маданий бөлүк, тагыраагы, өнөрпоздордун даярдануусу жана барып келүүсү үчүн 50 млн сом, спортчулар үчүн 50 млн сом каралганын айткан.

Дене тарбия жана спорт департаментинин маалымат катчысы Айгерим Турдалиева IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына кыргызстандык 148 оюнчу спорттун 11 түрү боюнча катышарын билдирди. Ага көк бөрү жана алыш күрөшү расмий мелдеш катары кирген.

«Түркияда өтө турган Көчмөндөр оюндарына Кыргызстан спорттун 11 түрү боюнча катышат. Анын ичинен көк бөрү жана алыш бел боо күрөшү расмий түрдө киргизилген. Мындан сырткары оюндун программасында татар күрөшү, ашыртмалы аба күрөшү, капышмалы аба күрөшү, пахлавани, шалвар күрөшү, май күрөшү, мас-рестлинг, көкпар жана салттуу жаа атуу спорту бар. Ал эми көргөзмө оюн катары кыргыз күрөшү жана тогуз коргоол кирди».

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында уюштурулуп жаткан «Баарын коюп Манасты айт» жумалыгы 21-сентябрдан 28-сентябрга чейин Бурса шаарынын «Меринос» паркында өттү.

Жумалыкка кыргыз манасчыларынан сырткары Түркиянын, Казакстандын, Венгриянын да «Манас» айтуучулары катышты.

Кыргыз улуттук «Манас» театрынын жетекчисинин орун басары Нурбек Талантбековдун айтымында, манасчы Рысбай Исаков дүйнөлүк «Гиннес» рекорддор китебине эң узак айтуучу катары кирди.

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Рысбай Исаков жумалыктын алкагында «Манас» эпосун 124 саат айткан.

«Кыргыз улуттук «Манас» театрынын жалпы жамааты, манасчылар, акындар Түркия жергесин бир жума кыдырып, «Манас» айтышты. Маданий мекемелерде, окуу жайларда, музейлерде, тарыхый жайларда өткөрүштү. Ага улай Рысбай Исаков узак убакытка, жалпы 130 саатты чамалап, «Манас» айтты. «Гиннестин» талабына ылайык, 24 саат эс алуу убактысы каралган. Ошолорду кемиткенде 124 саат таза айтты деген протоколдук жыйынтык чечим менен катталды».

Быйыл апрель айында президент Садыр Жапаров ТүркСОЙдун башкы катчысы Султан Раевди кабыл алуу учурунда Кыргызстан кезектеги IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө даяр экенин билдирген.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстандын демилгеси менен 2014-жылдан бери өткөрүлүп келет. Буга чейин дүйнөлүк оюн Кыргызстанда үч жолу өткөн. 2018-жылы эстафетаны Түркия алган. Ар эки жылда өтө турган бул чоң оюн 2020-жылы пандемияга байланыштуу эки жылга жылдырылган.

Copyright © 2017 Maral FM