Биз менен байланышыңыз

Бейшеналиев Бишкек милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди

Кыска кабар | 29 Сен 2022 | 442 | 0

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, министрдин баш коргоо чарасы жакынкы күндөрдө сот органдары тарабынан аныкталат.

29-сентябрь түнү Ички иштер министрлиги тарабынан Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев пара алып жаткан жеринен кармалды. Учурда аталган министрлик тарабынан чет өлкөлүк студенттерди ата мекендик жогорку окуу жайларына кабыл алууда өзгөчө ири өлчөмдө пара алуу фактысы иликтенүүдө.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кошумчалагандай, кылмыш ишин иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча алдыда толук маалымат берилет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM