Биз менен байланышыңыз

Элетке багытталган стартаптардын сынагы өттү

Коом | 28 Сен 2022 | 478 | 0

Бүгүн, 28-сентябрда «DigiKonush — Санариптештирүү аркылуу элет коомчулуктары үчүн таза, айкын келечек куруу» долбоорунун алкагында өткөрүлгөн санарип демилгелер жана стартаптар сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Европа Биримдигинин каржылоосунда «Лидер» атуулдук демилгелер борборунун демилгеси менен уюштурулган сынактын максаты элеттик аялдардын, жаштардын, аймактык уюмдардын бизнес мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү болуп саналат. Гранттык колдоо алуу сынагына Ош, Баткен жана Ысык-Көл облустарынан экология, айыл чарба, онлайн өндүрүм, билим берүү жана башка тармактардан 25 долбоор катышты.

12 жаштагы Жанат Манапова сынакка Жалал-Абад облусунун Токтогул шаарынан катышты. Ал Кыргызстандагы сейрек кездешүүчү жаныбарларды сактоо максатында балдар үчүн атайын оюн-тиркеме иштеп чыккан. Анын айтымында, бул оюн өзгөчө окуучуларга пайдалуу болуп, «Кызыл китепке» кирген жаныбарларды коргоого өбөлгө түзөт.

«Биз бул долбоордун үстүндө үч ай иштедик. Ал Кыргызстандагы «Кызыл китепке» кирген жаныбарларды коргоого мүмкүндүк берет. Бул оюн болот, анын ичинде сейрек кездешүүчү жаныбарлардын беш түрү көрсөтүлгөн. Бул оюн өтө жеңил жана кызыктуу. 6 жаштан 16 жашка чейинки балдарга багытталган. Аны биология, география, тарых сыяктуу сабактарда колдонсо, балдарга кызыктуу боло баштайт. Бул тиркеме аркылуу окуучулардын билими кеңейет деп ойлойм».

Бүгүнкү күндө сынактын катышуучулары төрт жумалык даярдоо курсун тажрыйбалуу менторлордун жетекчилиги алдында аяктоодо. Бүгүн алар бир аянчага чогулуп, өздөрүнүн стартап-долбоорлорун жана санарип демилгелерин гранттык комиссияга тартуулады. Сынактын шарты боюнча, талапкерлер идеяларынын натыйжалуу экенин, ишке ашырса болорун үч мүнөттө баяндап, калыстар тобун ынандырышы керек.

Ушул жылдын 23-августунда сынактын биринчи этабы өтүп, 60 адам катталган. Анын жыйынтыгы менен андан аркы акселерациондук программага 34 долбоор тандалып алынган. Анын 25и бүгүн жеңиш үчүн күч сынашты.

Долбоор аялдарга жана жаштарды колдоого багытталганын аталган программанын координатору Банур Абдиева белгилеп, буларга токтолду:

«Биздин гранттык комиссияга министрликтердин өкүлдөрү, тактап айтканда, Санариптик өнүктүрүү министрлиги, Маданият министрлиги, Аймактарды өнүктүрүү мамлекеттик агенттиги, интернет коомчулугунун мүчөлөрү кирген. Алар катышуучулардын долбоорлоруна баа берип, жеңүүчүлөрдү аныкташат. Грант 55 миң евро деп көрсөтүлгөн. Бул сумма менен 11-12 долбоор каржыланат».

Жети-Өгүз районунун Барскоон айлынын тургуну Азамат Жаманкулов элеттеги элдин санарип боюнча билими өтө төмөн экенин белгилейт. Буга байланыштуу ал өз айылдаштарынын санарип көндүмдөрүн жана билимин жогорулатуу максатында атайын KELECHEK.DIGITAL стартап долбоорун жазып чыккан.

«Бул сынактан утуп калсак, каражатты техникалык жабдууларды: экран, парда, проектор сыяктуу окуу куралдарын сатып алууга сарптайбыз. Анын негизинде онлайн окутууларды, вебинарларды, тургундар менен жолугушууларды өткөрөбүз».

Баткен районунун Кара-Булак айлынан келген 55 жаштагы Бүүзара Матисламова DIGI BATKEN BALY долбоорун тааныштырды.

«Долбоорум колдоо тапса, заманбап технологияны колдонуу менен аары багып, бал өндүрүүнү, анын аркасында химиялык заттарды колдонбостон эгиндердин жана бак-дарактын түшүмүн жогорулатууну колго алам. Мындан сырткары аялдарды жана кыз-келиндерди жумуш менен камсыздоого шарт түзөм».

Жалпысынан сынакка 60 өтүнмө келип түшкөн. Биринчи турдун жыйынтыгы менен андан аркы акселерациондук программага 34 долбоор тандалып алынган.

Катышуучулар элдин көйгөйлөрүн чечүүдө инновациялык санарип чечимдерди сунуштап, элет жашоочулары арасында санарип көндүмдөрдү жайылтууга көмөк көрсөтүшү керек. Өтүнмөлөр Ысык-Көл, Ош, Баткен облустарынын муниципалитеттеринен же долбоорлорду ушул аймактарда ишке ашыра тургандардан кабыл алынган.

Copyright © 2017 Maral FM