Биз менен байланышыңыз

Илияз Иманбетов президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлү болду

Кыска кабар | 28 Сен 2022 | 289 | 0

Илияз Иманбетов Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койгонун Президенттин администрациясынан билдирди.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон тескемеге ылайык,  Илияз Иманбетов бүгүн финансы министринин биринчи орун басары кызматынан бошотулду.

Кечээ, 27-сентябрда Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов өз каалоосу менен кызматын тапшырган. Ал өз билдирүүсүндө жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу бийлиги олуттуу реформага муктаждыгын, борбордук башкарууну децентрализациялоо керегин, бийликте бүгүнкүдөй башкаруу болуп турганда, элетте эч кандай өнүгүү болбостугун айткан.

Copyright © 2017 Maral FM