Биз менен байланышыңыз

Мамытовдун өтүнүчү менен парламенттин жыйыны жабык өтө баштады

Кыска кабар | 28 Сен 2022 | 502 | 0

Кыргыз-тажик чек арасындагы жагдай боюнча Баткен облусуна иш сапары менен барып келген депутаттар бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы сессиясында маалымат бермек.

Бирок Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов маалыматты жабык эшик артында угууну өтүндү. «Бул менин жеке өтүнүчүм» , —  деди төрага.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында чек арадагы кырдаал тууралуу маселе жабык карала баштады.

Сессиянын башында эл өкүлү Султанбай Айжигитов чек ара боюнча фракциянын он мүнөттүк убакытын сурап, маалымат берген. Аны да жабык эшик артында айтуу сунушу түшүп, бирок колдоо тапкан эмес.

Чек ара маселелери боюнча депутат Мирлан Самыйкожо да атайын билдирүү жасады.

Парламентте чек ара маселесин жабык кароо сунушу колдоо тапкан жок (видео)

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM