Биз менен байланышыңыз

Парламентте чек ара маселесин жабык кароо сунушу колдоо тапкан жок (видео)

Кыска кабар | 28 Сен 2022 | 4275 | 0

Жогорку Кеңештин 28-сентябрдагы жыйынында депутат Султанбай Айжигитов фракциянын мөөнөтүн сурап, кыргыз-тажик чек арасындагы жагдай боюнча кенен маалымат берүүнү сунуштады.

Сунуш добуш берүү аркылуу колдоо таап, трибунада сүйлөй баштаганда айрым кесиптештери сөзүн бөлдү. Депутат Айбек Мааткеримов чек ара маселелери жабык каралышы керектигин айтып чыкты.

Султанбай Айжигитов жасай турган билдирүүсүндө чек ара боюнча эч кандай купуя сыр жок экенин, маалыматтары бардык интернет айдыңында эл тарабынан көтөрүлүп эле жатканын айтты.

«Эч кандай купуя сыр жок, бирөө мындай, тиги тигиндей деп эч кимдин атын атап, баа берейин деген оюм жок. Болгону акыркы окуялар тууралуу өз анализимди айтып берейин деп жатам» , — деди Айжигитов.

Эл өкүлү Адахан Мадумаров, Мирлан Самыйкожо, Чыңгыз Ажибаевдер кыргыз-тажик чек арасындагы жагдай боюнча парламенттин трибунасында айтылышы керектигин билдиришти.

«Биз добуш аркылуу чечип, Айжигитовго сөз берип, борбордук трибунага чыгардык. Орто жолдон кайра сөзүн жулуп алабызбы? Эч кандай сыр жок деп жатат. Аягына чейин айтсын. Туура, Баткендеги акыркы окуя боюнча жашыруун калып калган маселелер көп болуп жатат. Бирок биз эч ким айта элек нерсени ачыктаган жокпуз, бүгүнкү жыйынды Баткендин канга боёлгон, жондоруна жүгүн артып, башпаанек издеп жүргөн эли көрүп жатат. Бизди жабык эшик артында жарманке курсун деп шайлады беле эл, ачык болушу керек» , — деди Мирлан Самыйкожо.

Чек ара маселеси боюнча Султанбай Айжигитовдун кайрылуусун жабык кароо сунушу добушка коюлуп, бирок колдоо тапкан жок.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM