Биз менен байланышыңыз

Оппозициялык кыймыл Ташиевди кызматтан алууну талап кылды

Кыска кабар | 27 Сен 2022 | 1905 | 0

Бүгүн, 27-сентябрда Кыргызстандын Бириккен демократиялык кыймылы УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевди кызматтан алынып, кылмыш жоопкерчилигине тартылуусун талап кылышты.

Кыймылдын кайрылуусунда Камчыбек Ташиев кызматка келери менен чек ара маселелеринде такталбаган, ойлонулбаган чечим чыгарып, мамлекетти бүгүнкү абалга алып келгени айтылат.

«Эки жылдын ичинде Кыргызстан эки жолу коңшу мамлекет тарабынан куралдуу кол салууга дуушар болду. Анткени Камчыбек Ташиев кызматка келери менен чек ара маселелеринде такталбаган, ойлонулбаган чечимдери менен мамлекетти ушул абалга алып келди. Чек ара маселелерин чечүүдө улуттук кызыкчылыкты коргой алган жок. Камчыбек Ташиев башка бийлик бутактары менен макулдашылбаган, олдоксон билдирүүлөрү, алешем, алабарман тайкы сөздөрү жана жашыруун иштеринин кесепетинен 100гө жакын кырчындай уул-кызыбыздан жана жоокерлерибизден ажырап, миңдеген адамдар жабыр тартышты», — деп айтылат билдирүүдө.

Бириккен демократиялык кыймыл ошол эле учурда президент Садыр Жапаровдун БУУнун жыйынында так маалымат берип, коңшу мамлекетти агрессор деп атаганын кубаттаган.

Мындан сырткары алар 30 жылдын ичинде азыркыдай оор кырдаал болбогонун билдирип, чоң жоготуулар Камчыбек Ташиевдин чек ара маселесин компетентсиз жетектегенинен, анын сабатсыздыгынан жана өзү билемдигинен чыгып жатканын жүйө келтиришкен.

«Анын көз карашы, позициясы, кабыл алган чечимдери, кол койгон документтери мамлекет башчы БУУдан айкындаган маалыматтарга карама-каршы келип, биздин өлкөнү оор абалга кептеди. Жогорууда айтылган фактылардын негизинде, элдин талабын колдоп, президент Садыр Жапаровдон Камчыбек Ташиевди токтоосуз кызматтан алып, кылмыш жоопкерчилигине тартылуусун талап кылабыз», — деп кайрылышкан.

25-сентябрда Кыргызстан менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчылары Камчыбек Ташиев жана Саймумин Ятимов «Кызыл-Бел» чек ара өткөрмө бекетинде жолугушуп, кезектеги №42 протоколго кол коюшкан. Анын жыйынтыгында мындан ары чек ара аймактарындагы чыр-чатакка жол бербөө максатында бир застава жана үч чек ара посту эки тараптан тең алынары элге маалымдалган.

Copyright © 2017 Maral FM