Биз менен байланышыңыз

Сулайманов: Башкаруу системасын өзгөртпөсө, аймактар өнүкпөйт (видео)

Кыска кабар | 27 Сен 2022 | 405 | 0

Бүгүн, 27-сентябрда президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов өз каалоосу менен кызматтан кетти. Ал кетер алдында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.

Сулайманов өз сөзүндө жергиликтүү бийлик өз ишин толук кандуу жүргүзүү үчүн мүмкүнчүлүк түзүлбөгөнүн билдирип, борбордук бийлик, жергиликтүү бийликке башкаруу укугун берүү керектигин айткан.

«Мен дайыма «Эмне үчүн дагы деле аймактарда миграцияга кетүү токтой элек, эмне үчүн элетте өнүгүү болбой жатат, эмне үчүн элдин жашоосу жакшырбайт?» деген суроолорго жооп издеп келдим. Борбордук бийлик жергиликтүү бийликтин өзүнүн бийлигин колуна бериши керек. Тилекке каршы, борбордук бийлик аны өз колуна жыйнап алган.  Бул — дыйканды талаага кетмени жок чыгарып коюу дегендик. Себеби айыл өкмөттөрдүн бийлиги жокко эсе, жерине, токоюна, суусуна ээ эмес. Акимдердин бийлиги да чектелген. А губернатордун иши — жалпы болуп жаткан ишти координациялоо. Болду, жасаган иши ошол. Менин айтайын дегеним, күч органдары борборго баш ийиши керек, калганы кадрдык саясаты, каржы маселеси, ички чарба иштери жергиликтүү бийликке берилиши керек. Бийликти борбордук бийлик эл менен бөлүшүшү керек», — деди ал.

Ошондой эле ал башкаруу системасы өзгөргөндө, чек ара маселеси да жеңил чечиле турганын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM