Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанга АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы келет

Кыска кабар | 27 Сен 2022 | 423 | 0

АКШнын мамлекеттик катчысынын коомчулук менен байланыш жана маалыматтык саясат боюнча жардамчысы Элизабет Трюдо жакынкы күндөрү Кыргызстанга жумушчу сапары менен келет. Бул тууралуу өзбекстандык басылмалар жазды.

Мамлекеттик катчынын орун басары Элизабет Трюдо алгач Өзбекстанга барары күтүлүүдө. Ал 28-сентябрдан 9-октябрга чейин Непал, Бириккен Араб Эмираттары жана Кыргызстанды да зыярат кылары айтылат маалыматта.

Элизабет Трюдо Өзбекстандагы иш сапары учурунда Ташкенттеги Вебстер университетитинин «ЖМК адистери үчүн англис тили» долбоорунун бүтүрүүчүлөрү менен баарлашат. Ошондой эле бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү жана АКШ тарабынан каржыланган тажрыйба алмашуу программасынын бүтүрүүчүлөрү менен жолугушуулары өткөрөт. Мындан сырткары Жиззах облусундагы аялдарды коргоо кризистик борборуна да барат.

Ал эми Кыргызстанга болгон сапарында кандай жолугушууларды өткөрөрү тууралуу маалымат азырынча жок.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM