Connect with us

Султанбаев: Сулайманов айткан аймактык реформа бир заматта боло калбайт

Кыска кабар | 27 Сен 2022 | 1101 | 0

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Алтынбек Сулаймановдун бийликтин учурдагы аймактарды башкаруусуна карата айткан сынына жооп берди.

Эрбол Султанбаевдин айтымында, учурда аймактарды реформалоо боюнча долбоор даярдалып жатат.

«Алтынбек Сулайманов айткандай, аймактык реформа бир заматта эле боло калбайт. Бир жылдан бери долбоору даярдалып жатат. Адистерден турган топ иштеп жатат. Даяр болору менен реформа башталат. Президенттин Администрациясы кол куушуруп олтурган жок. Алгач тажрыйба иретинде бир аймакта сыналат. Андан кийин ошого жараша калган аймактарда иш жүрөт.

Көз ачып жумганча эле жасай салгыдай, бул оюнчук иш эмес. Аймактык реформанын долбоорун иштеп чыгуу көптөгөн жылдарды талап кылат. Өтө кылдат иштелип чыгууда. Популисттик кылып реформа жасап атабыз деп эле бышпаган нерсени жасай салсак, мамлекеттик түзүлүштү талкалап алышыбыз мүмкүн», — деп айтылат Султанбаевдин билдирүүсүндө.

Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов бүгүн өз каалоосу менен кызматын тапшырды. Ал өз билдирүүсүндө жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу бийлиги олуттуу реформага муктаждыгын, борбордук башкарууну децентрализациялоо керектигин, бийликте бүгүнкүдөй башкаруу болуп турганда, элетте эч кандай өнүгүү болбостугун айткан.

Алтынбек Сулайманов: Өнүгүү болбосуна көзүм жетти

Copyright © 2017 Maral FM