Биз менен байланышыңыз

Ташиев: Бизге кыргыз-өзбек чек арасын тактоо боюнча тарыхый миссия туш келди

Кыска кабар | 27 Сен 2022 | 721 | 0

Кечээ, 26-сентябрда кыргыз-өзбек чек арасы боюнча өкмөттөр аралык жыйын мамлекеттик «Ала-Арча» резиденциясында болуп өттү. Анда кыргызстандык делегацияны министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жетектеди.

Ташиев жыйын тууралуу: «Бизге кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселесин жыйынтыктоо боюнча тарыхый миссия туш келди. Бул бир чети сыймык болсо, бир чети чоң жоопкерчилик», — деген пикирин билдирди.

Анын айтымында, эки өлкө ортосундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын калган тилкелери жөнүндө келишимдин долбоорун кол коюуга кыргыз тарап даяр.

«Бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Өзбекстан жакын коңшулар, чыныгы достор жана стратегиялык өнөктөштөр. Кыргызстан Өзбекстан менен саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, транспорттук, аймактар аралык жана маданий-гуманитардык байланыштарды мындан ары да кеңейтүүгө толук даяр», — деди Камчыбек Ташиев.

Өз кезегинде Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов өзбек тараптын кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча келишимдин долбоорун макулдашууга толук түрдө чечкиндүүлүгүн ырастады.

«Эки республиканын өкмөттүк делегациялары кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын калган тилкелерин макулдашуу боюнча тыкыр иш алып барышты. Делимитациялоо процессинин аякташы биздин түбөлүк достугубуздун жана чыныгы бир туугандык мамилелерибиздин бузулбастыгын дагы бир жолу тастыктайт деп ишенем», — деди Абдулла Арипов.

Copyright © 2017 Maral FM