Биз менен байланышыңыз

Психолог: Согуштун тагын кетирүү кыйын

Коом | 26 Сен 2022 | 491 | 0

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салууда үйү өрттөлүп, жакындары жабыр тарткан, кол салуу учурунда качып чыккан жарандарга психологиялык көмөк берилүүдө. Билим берүү жана илим министрлиги 20-сентябрда жогорку окуу жайлардан 28 психологду Баткенге жиберген. Айрымдары бүгүнкү күнгө чейин жабыркагандар менен иштешүүдө. Мындан сырткары Бишкек шаарына да эваукацияланып келген тургундарга, анын ичинен кичине балдарга психологиялык жана моралдык жардам көрсөтүлүп жатат.

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салуу жергиликтүү тургундардын психологиясына да терс таасирин тийгизди. Лейлек районунун Достук айылынын тургуну Багымча Досматова азыркы күнгө чейин колу-буту тырышып, кан басымы көтөрүлүп жатканын айтып берди. Ал учурда Жалал-Абаддагы туугандарынын үйүндө дарыланууда.

«Ошол күндөн бери өзүмдү жаман сезип жүрөм. Колу-бутум тырышып, кан басымым  да түшпөй жатат. Буттарымдын тамырлары тартышып, ооруп жатат. Жалал-Абадга эвакуацияланганда врачтар текшерип, дары-дармек жазып беришти. Азыр дарыланып жатам. Абалым бир аз жакшы. Бирок эстеген сайын колу-бутум тырышып калууда. Дарыгер жазып берген дарыларды убагында ичип жатам. Үйдүн өрттөлгөн сүрөттөрүн көрүп, аябай жаман болдум. Неберелерим да коркуп калышты. Азыр алар унутуп, ойноп жүрүшөт».

Бишкек шаарынын Абай Кунанбаев көчөсүндө жайгашкан эки кабаттуу үйдө Баткенден келген 25 адам жашап жатат. Анын ичинде Кулунду айылынан Жыпаргүл Туратова да беш баласы менен келген. Ал балдары азыркы убакка чейин чочуп жатканын айтты.

«Балдарым аябай коркуп калды. Ок атылып баштаганда короого карай качтык. Кулундудан жогору карай короо бар, Байзак-Сай деп коет, ошол тарапка качтык. Бул жакка келип, дарыгерлер текшергенде кан басымым түшүп кетиптир. Дарыларды ичип, бүгүнкү күндө жылыш бар. Балдарым коркуп калышкан. Эми эл менен аралашып, ойноп калышты».

«Уктаганда үйүбүзгө снаряд атылып, апам, инилерим менен чогуу качып жүргөнүбүз түшүмө кирип, азыркы күнгө чейин тынч уктай албай жатам», — дейт борборго эвакуацияланып келген 14 жаштагы Искендер Абдрашитов.

«Ызы-чуу башталгандан 10 мүнөттөн кийин качтык. «Бир туугандарымдын өмүрү кандай болот экен?» деп корктум. Апам, үч иним, анан мен болуп качтык. Биз Раззаков шаарына качып бардык. Басып киришти деген сөздү укканда коркуп, шок болдум. Азыр уктасам түшүмө үйүбүзгө снаряд менен атып жатканы кирип жатат. Биз баарыбыз шок абалда эле качтык».

20-сентябрда 28 психолог Баткенге барган. Алар Бишкек, Жалал-Абад жана Ош шаарындагы жогорку окуу жайларында иштеген психологдор.

Бишкектен барган психолог Канышай Кожогелдиева Лейлек районунун Ак-Сай айылынан коопсуз жайга көчүрүлүп келген жарандар менен иштешти. Анын айтымында, жабыркагандар психологиялык жактан оор жана түрдүү травмаларды алышкан. Ошондой эле психолог алар менен иштешүү кыйын болгонун айтты.

«Кандай гана оор жагдай болбосун, адамдын психологиясына терс таасирин тийгизет. Бул өтө катуу таасир этүүчү жагдай болду. Оор жагдай түзүлгөн жерден келген адамдар менен иштегенге туура келди. Ак-Сайдан келген адамдар менен иштештик. Биринчи барганда аябай оор жагдайда келген адамдарды көрдүк. Жүздөрүндө бир да күлкү, жылмаюу жок. Баары эле бурчтарда олтурушту. Ар ким өзү менен өзү алек. Балдары да ошол эле акыбалда. Бири-бири менен сүйлөшпөйт, байланышка барышпайт. Сыртка да чыкпай, тамак жебей да койгон адамдарды көрдүк. Ошолор менен иштедик. Психологиялык ыкмаларды колдондук. Эки күндөн кийин сыртка чыгып, сүйлөшүп, тамашалашып калышты. Айрымдары сүйлөшүп, диалогго барып калды. Ал тургай мени менен да тамашалашып, сүйлөшө баштады. Балдар да ары-бери чуркап, ойноп калышты».

Баткенден эвакуацияланган жарандарга моралдык колдоону жеке жарандар да көрсөтүп жатат. Активист Махмудали Султанов Бишкекке көчүрүлүп келгендердин балдарына кам көрүүдө. Ал төрт дубалдын ичинде камалып жаткан балдар стресстен башка эч нерсе таппайт деген пикирде.

«Төрт дубалда камалып турган балдар стресстен башка эч нерсе таппайт. Депрессиясы да артат. Натыйжада бала өзүн таштап коёт. Ушуларды карап отуруп, «Кандай жардам беле алам?» деген суроо туулду. Азыр балдар менен чогуу ойноп, аларды кызыктыруучу нерселерди жасап жатам. Кечээ аларды робот жасап ойной турган жерге алып бардым. Машина, робот, радио жасашты. Балдардын өзүнө болгон ишеними артты. «Мен муну жасай алат экем» деп калышты. Балдардын потенциалын ачалы дедим. Өздөрү кийин келгенде самолёт жасайм, вертолёт, танка жасайм деп чыгышты. Мен жасай алам деген түшүнүк келип жатат балдарга».

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына таянсак, 14-17-сентябрь күндөрү Баткенден жалпы 136 миң 770 жаран көчүрүлгөн, анын ичинен 3427 жаран убактылуу кабыл алуучу жайларга жайгашкан.

Баткен облусу боюнча жалпы 45 убактылуу кабыл алуучу жай иштеп жатат.

Ошондой эле Ош шаарындагы билим берүү мекемелеринин жатаканаларында 2 миңге жакын орун даярдалып, учурда 512 жаран баш калкалоодо.

Баткенден Бишкек шаарына да 500дөй жаран эвакуацияланган. Бул расмий маалымат эмес. Борборго көчүрүлүп келген адамдардын саны мындан көп болушу мүмкүн.

Учурда эвакуацияланган эл менен психологдор жана жарандык активисттер жеринде иш алып барууда.

Copyright © 2017 Maral FM