Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 27-сентябрда өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +10…+15, күндүз +18…+23,
Талас облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +16…+21,
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +11…+16, күндүз +23…+28,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7…+12, күндүз +18…+23,
Нарында түнкүсүн +1…+6, күндүз +19…+24,
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +13…+15, күндүз +21…+22 градус болот.