Биз менен байланышыңыз

Арипов кыргыз-өзбек чек арасы боюнча өкмөттүк жыйынга катышат

Кыска кабар | 26 Сен 2022 | 212 | 0

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Кыргызстанга иш сапары менен келди.

Ал Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттүк делегацияларынын кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча биргелешкен жыйынга катышат.

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасындагы маселелер толук чечилгенин президент Садыр Жапаров 19-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясында билдирип, расмий түрдө документтештирүү маселеси гана калганын айткан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM