Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Кыргызстанга иш сапары менен келди.
Ал Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттүк делегацияларынын кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча биргелешкен жыйынга катышат.
Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасындагы маселелер толук чечилгенин президент Садыр Жапаров 19-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясында билдирип, расмий түрдө документтештирүү маселеси гана калганын айткан.