Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Умбриэль Темиралиев Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Жарлыкта «Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык Темиралиев Умбриэль Темиралиевич Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору болуп дайындалды», — деп айтылат.
Белгилей кетсек, буга чейин аталган кызматты Равшан Сабиров ээлеп келген. Ал бүгүн президенттин жарлыгы менен ээлеген кызматынан өз арызынын негизинде бошотулду.