Connect with us

Төрт чек ара посту боюнча УКМКнын түшүндүрмөсү

Кыска кабар | 26 Сен 2022 | 266 | 0

Кечээ, 25-сентябрда УКМКнын төрагасы генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев жана Тажикстандын УКМКнын төрагасы Саймумин Ятимов кыргыз-тажик чек арасындагы абалды турукташтыруу боюнча протоколго кол коюшту.

Тараптар «Тамдык» (КР) жана «Бедак» (РТ) заставаларын, «Булак-Башы» (КР) жана «Кех» (РТ) постторун, «Катта-Туз» (КР) жана «Каракчикум» (РТ) постторун, Чайхана жерлигиндеги «Ак-Сай» (КР) постун жана Ходжай-Аъло жериндеги «Шаршара» (РТ) постун алып салууну жана чек араны коргоо бөлүктөрүнүн ар кандай түрлөрүн койбоону макулдашты.

Аталган бөлүмдөрдүн имараттары жана курулмалары консервацияланат.

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын кайтаруу кыймылдуу чек ара кезметтери менен жүргүзүлөт.

Алар чек араны бойлой көрсөтүлгөн жана макулдашылган маршруттар боюнча так жүрөт.

Мындан тышкары, тараптар жаңжалдуу кырдаалдар көп болуп турган тилкелерге видеобайкоо камераларын орнотууну паритеттик негизде макулдашышты.

УКМК протоколдо айтылган посттор жайгашкан участоктордо калк жашабай тургандыгын да кошумчалаган.

Ошондой эле жергиликтүү мамлекеттик бийлик органдары Кыргызстан жана Тажикстандын жарандары тарабынан мурда колдонулган Тамдык (КР) — Бедак (ТР), Булак-Баши (КР) жана Кех (ТР) жер участокторунда айыл-чарба иштерин жүргүзүүнү камсыз кылышы керек.

Протоколго ылайык биргелешкен жумушчу топтун чек ара аймактарынан аскерлерди жана оор аскердик техникаларды, кошумча күчтөрдү жана каражаттарды туруктуу жайгашкан жерине алып чыгып кетүү боюнча иши улантылат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM