Биз менен байланышыңыз

Эмгек министрлиги Баткенге 80 тонна ун бөлдү

Кыска кабар | 25 Сен 2022 | 362 | 0

Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Баткен шаарына эвакуацияланган Ак-Сай айылынын тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.

Кудайберген Базарбаев билдиргендей, жыл башынан бери министрлик тарабынан аталган облустун социалдык муктаждыктарына 1 млрд 87 млн ​​сом бөлүнгөн. Мындан тышкары, сентябрь айында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 25 млн бөлүнгөн.

Кудайберген Базарбаев Интернационал айылынын тургундары менен жолугушуп, аларга гуманитардык жардам тапшырды. Министрлик 80 тонна унду Баткен облусуна, анын ичинен 30 тоннасын Баткен шаарына бөлдү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM