Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Баткен шаарына эвакуацияланган Ак-Сай айылынын тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.
Кудайберген Базарбаев билдиргендей, жыл башынан бери министрлик тарабынан аталган облустун социалдык муктаждыктарына 1 млрд 87 млн сом бөлүнгөн. Мындан тышкары, сентябрь айында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 25 млн бөлүнгөн.
Кудайберген Базарбаев Интернационал айылынын тургундары менен жолугушуп, аларга гуманитардык жардам тапшырды. Министрлик 80 тонна унду Баткен облусуна, анын ичинен 30 тоннасын Баткен шаарына бөлдү.