Биз менен байланышыңыз

Айрым жергиликтүү судьялар ротация болду (тизме)

Кыска кабар | 24 Сен 2022 | 153 | 0

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү сотторунун судьяларын которуу жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жарлыктын максаты кызыкчылыктардын кагылышуусун, коррупциялык тобокелдиктерди болтурбоо, жергиликтүү соттордун судьяларынын ишинде калыстыкты камсыз кылуу.

Жарлыктын алкагында, Конституциянын 96-беренесинин 6-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө»  конституциялык Мыйзамынын 26-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык жана Жогорку соттун төрагасынын сунушу боюнча Кыргызстандын жергиликтүү сотторунун айрым иштеп жаткан судьялары Конституциясында каралган калган мөөнөткө судьянын ыйгарым укуктарын андан ары жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкү жергиликтүү сотторго которулат:

— Ош облустук сотуна:

Алимкулов Нургазы Халилович — Баткен облустук сотунан;

— Ош облусунун Чоң-Алай райондук сотуна:

Бекбулатов Айбек Бектурсунович — Ысык-Көл облусунун

Ак-Суу райондук сотунан;

— Жалал-Абад облустук сотуна:

Койломбаев Азамат Ишимбекович — Нарын облустук сотунан;

— Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук сотуна:

Абдрахманов Рахманаали Аширалиевич — Ош облусунун

Чоң-Алай райондук сотунан;

— Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук сотуна:

Саргалдаков Искендер Бекболотович — Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунан;

— Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук сотуна:

Омуралиев Мэлис Асанбекович — Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунан;

— Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаардык сотуна:

Аскарбеков Арстанбек Аскарбекович — Чүй облусунун Москва райондук сотунан;

— Баткен облустук сотуна:

Султанканов Бактыбек Султанканович — Нарын облустук сотунан;

— Ысык-Көл облустук сотуна:

Бердибеков Алтынбек — Нарын облустук сотунан;

— Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук сотуна:

Нурбаев Бакытбек Сайдиллаевич — Нарын облусунун Жумгал райондук сотунан;

— Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык сотуна:

Осмонов Тарасбек Сапарбекович — Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук сотунан;

— Нарын облустук сотуна:

Исажанов Келдибек Сайдахматович — Ош облустук сотунан;

Кудабаева Гульбара Ишеновна — Ысык-Көл облустук сотунан;

Мусурманкулов Бекмухаммет Лутуббилаханович — Жалал-Абад облустук сотунан;

— Нарын облусунун Жумгал райондук сотуна:

Бектемиров Куралбек Абдималикович — Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаардык сотунан;

— Чүй облусунун Москва райондук сотуна:

Каримова Жыпар Кудайбердиевна — Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук сотунан;

— Бишкек шаарынын Ленин райондук сотуна:

Ормушев Тилек Эмилбекович — Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук сотунан;

— Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна:

Эралиев Талайбек Каскаевич — Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык сотунан.

Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM