Биз менен байланышыңыз

Кыргыз жана тажик ТИМ башчылары Нью-Йоркто чек-арадагы кырдаалды талкуулашты

Кыска кабар | 24 Сен 2022 | 147 | 0

Кыргызстан менен Тажикстандын тышкы иштер министрлери Жээнбек Кулубаев жана Сироджиддин Мухриддин БУУнун башкы катчысынын орун басары Розмари Дикарло менен чек арадагы кырдаалды талкуулады. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуу 23-сентябрда Американын Нью-Йорк шаарында өткөн.

«Жолугушуунун катышуучулары кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү улантууга даяр экендигин билдирди. Мындан сырткары, 19-сентябрда кол коюлган протоколдогу макулдашууларды аткаруу маанилүү экендиги белгиленди», — деп айтылат билдирүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM