Биз менен байланышыңыз

Баткен: Жарылбай калган снаряддар зыянсыздандырылууда

Кыска кабар | 24 Сен 2022 | 277 | 0

Баткен облусунун кыргыз-тажик чек арасына жакын аймактарда жарылбай калган снаряддар зыянсыздандырылууда. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 18-сентябрдан тартып Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн инженердик-сапердук бөлүктөрү Баткенде иш алып барууда.

Эске сала кетсек, 14-17-сентябрь күндөрү Тажикстан куралдуу агрессия көрсөтүп, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча, тактап айтканда, Баткен облусундагы жана Ош облусунун Чоң-Алай районундагы чек аралык жана жарандык объекттерге чабуул жасады. 140 миңге жакын кыргызстандык чек арага жакын калктуу конуштардан эвакуацияланды.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, куралдуу кагылыштан 59 жаран каза болуп, 198 киши жаракат алды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM