Биз менен байланышыңыз

Алишер жанындагы жаш жоокерди коргойм деп, өзү курман болуптур

Коом , Кыска кабар | 23 Сен 2022 | 525 | 0

Тажикстандын Кыргызстанга кол салуусунан 14-сентябрдан бери 59 кыргызстандык курман болду. Алардын көпчүлүгү аскер кызматкерлери. Мындан сырткары тажиктердин баскынчылыгынан коргонуу учурунда 200гө жакын адам ар кандай жараат алган. Ушу кезге дейре өлүү-тирүүсү белгисиз болуп жаткандары да бар.

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салууда баатырларча курман болгондордун арасында 23 жаштагы Алишер Набиев да бар. Ал 16-сентябрь күнү Кадамжай районунун Халмион айылындагы чек ара тозотунда кызмат өтөп жүргөн. Жоокер Тажикстан тараптын куралдуу кол салуусунан шейит кетти.

Атасы Бостон Набиевдин айтымында, уулу өзүнөн кийин барган жаш жоокерлердин бирин коргоп калам деп курман болгон.

«Менин балам кийинки келген жаш жоокерлер менен болгон экен, алардын бирөөсүнө ок тийип, аны коргойм деп жатып, өзүнө да ок тийиптир. Балам коргогон жоокер аман калып, өзү алган октон улам курман болуп кете бериптир. Уулумду бир топ жерге чейин көтөрүп келишиптир. Бир убакта балам: «денем муздап баратат, мени ушул жерге таштап койгула, андан көрө артта эки жоокер калды, ошолорго жардам бергиле», — деген боюнча жан бериптир».

Алишер үйдун улуусу болгон, үч иниси бар. Баткенде каргашалуу окуя болгон күнү атасы менен сүйлөшүп, убакыт тар экенин, душмандардан Мекенин коргоп жатканын айтып, телефонду өчүрүп койгон. Андан кийин такыр байланышкан эмес.

«Эмнегедир жүрөгүм катуу сого баштады. Үйдөгүлөргө «менин табитим качып калды, силер чай иче бергиле, мен бир аз дем алып турайын» деп, намаз окудум, анда деле болгон жок. Алишерге чалсам албайт, такыр байланыша албай койдум. Бир убакта ким чалганын деле билбейбиз, ооруканада экенин билдик. Барсам сыртта бажам турган экен, ачыгын айт, мени аяп калп айтпа десем эле, уулуңдан айрылып калдык деди».

Жоокер Алишер Набиев 2000-жылы Лейлек районунун Кулунду айылында төрөлгөн. Аскердик кызматын аяктаган соң, келишимдик негизде Кадамжай районунун Халмион айылындагы чек ара кызматында иштеп жүргөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM