Биз менен байланышыңыз

Мектептерде аскерге чейинки даярдык күчөтүлүп окутула баштайт

Коом | 23 Сен 2022 | 1656 | 0

Өлкөдөгү мектептерде аскерге чейинки даярдоо сабагы мындан ары күчөтүлгөн тартипте окутулат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады. Учурда министрлик предметти окутуунун сапатын жакшыртуу максатында Коргоо министрлиги менен биргеликте иш алып барууда. Эми кадрдык курамга да өзгөчө көңүл бурулуп, маяна маселеси да каралат. Кыргыз-тажик чек арасындагы кандуу окуялардан кийин «Мектептерде аскерге даярдоо сабагы кандай окутулуп жатат?» деген суроо күндүн башкы темасына айланды.  

Кыргыз-тажик чек арасындагы былтыр жана быйыл болгон кандуу калабадан кийин жоокерлерди аскерге чейин даярдоонун сапаты жөнүндө маселе көтөрүлдү. Буга чейин коргоо министри уландар аскерге даярдыгы жок келип жатышканын айткан болчу.

Аскердик талаптар, куралдуу күчтөрдүн мааниси жана түзүлүшү тууралуу жоокер аскерге чейин даярдык сабагынан үйрөнүшү керек. Бирок бул предметти жеткиликтүү окутуп, үйрөтүү үчүн мектептерде шарт жок. Аймактарда аскерге чейинки даярдоо сабагын атайын адистиги жок мугалимдер деле окутуп жүргөнү маалым.

Запастагы полковник, Бишкек шаарындагы №75 мектеп-лицейдин аскерге чейинки даярдоо мугалими Таалайбек Мырзаев мектептерде сабак болгону менен кесипкөй мугалимдер жок экенин айтты. Себеби кадр жетишпестигинен жана маянанын аздыгынан улам туруктуу бир мугалим бекитилген да эмес.

«Сабак өзү бар, бирок аскерге чейинки даярдоо мугалимдери жок. Бул көйгөйдүн чечүү жолдору бар. Куралдуу күчтөрдүн аскердик кызматтан запаска чыккан офицерлери менен толуктоого болот. Мисалы, Бишкек шаарындагы 99 мектептин 95 пайызында дээрлик аскердик кызматта болуп, ардактуу эс алууга чыккан кызматкерлер сабак берип келүүдө. Аскер комиссариаттарында бирден беш-алтыга чейин окуу куралы бар. Аны сабак учурунда алып колдонсоң болот. Кайра жеткирип берүү өзүнчө бир маселе. Ошон үчүн аскерге чейинки мугалимдер андан баш тартышат. Ал жакка барып, кат жүзүндө кайрылып, аскер комиссары кол коюп алып кетүү керек. Учурда мектептерде сабакка керектүү куралдарды сактоочу жайлар жок деген шылтоо менен берилбей келе жатат».

Аскерге чейинки даярдык сабагында окуучулар аскердик милдет, аскердик кызматтын мааниси тууралуу окуп, мекенчилдикке, жогорку моралдык-психологиялык сапатты калыптандырууга, аскердик кызматты сүйүүгө үйрөнөт.

Билим берүү жана илим министрлигинин мектепте, мектептен тышкары билим берүү жана китеп чыгаруу саясаты бөлүмүнүн башчысы Амангелди Сыдыбаев сабактын сапатын жакшыртууга кандай аракеттер көрүлөрүн айтып берди.

«Аскерге чейинки даярдоо сабагы Кыргызстандын жалпы билим берүү уюмдарынын 10-11-класстагы окуучулары үчүн өтүлөт. Окуу үчүн жалпы 136 саат берилген. Жумасына 10-класска да, 11-класска да 2 сааттан берилет. Программа Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Кыргыз билим берүү академиясы тарабынан иштелип чыккан. Учурда сабактын өтүлүшүнө өзгөчө көңүл бурулууда. Предметтик стандарттар боюнча, окуу куралдары боюнча анализ жүрүп жатат. Ушул багыттагы предметти жакшыртуу боюнча негизги иш-чаралар жүргүзүлүүдө».

Коргоо министрлигинин аскердик билим берүү жана илим башкармалыгынын башчысы Талгат Саалаев предмет мектептердин деңгээлине жараша өтүп жатат деген пикирде.

Ал учурда сабактын сапатын жакшыртуу жана мугалимдердин айлыгын көтөрүү максатында долбоор иштелип жатканын билдирди.

«Аскерге чейинки даярдык мектепте канчалык деңгээлде сапаттуу өтүлсө, ошончолук даярдык менен кызмат өтөөгө келишет. Такыр өтүлбөсө же начар болсо, жоокерлер да армияга даярдыксыз келишет. Сапатты жогорулатуу боюнча Билим берүү жана илим министрлиги менен чогуу биздин атайын бөлүм иш алып барууда. Бул сабактан берген мугалимдердин маянасы боюнча өзүнчө токтомдун долбоору иштелип чыгып, каралып жатат. Окутуунун программасы менен толук таанышып чыккам. Эгер ошол окуу китеп менен жана өкмөттүн токтому менен бекитилген жободо көрсөтүлгөн чаралар толук кандуу ишке ашса, предметтин сапаты алдыга жылат, жогорулайт».

Балдарды мекенчилдикке үйрөтүү, аскердик даярдыктан өткөрүү тууралуу депутат Надира Нарматова Жогорку Кеңештин жыйынында маселе көтөргөн. Ал сабак мектептерде формалдуу түрдө киргизилгенин, бирок иш жүзүндө окутулбай жатканын айткан.

Депутат армияга эрки күчтүү жоокерлердин келишине шарт түзүп берүү керек деген ойдо.

«Билим берүү жана илим министрлигине, Коргоо министрлигине 9-10-11-класстарга милдеттүү түрдө аскерге чейинки даярдык сабагын киргизүү боюнча протоколдук тапшырма бериңиз. Азыр 10-11-класстарга сабак берип жатабыз деп формалдуу түрдө киргизип койдук. Сабакты тийиштүү деңгээлде өтүү үчүн шарт жок. Мисалы, курал сактай турган кабинеттер жок, машыгуу үчүн даярдалган аянтчалар жок. Баарын комплекстүү карап чыгуу керек. Тарбиялык ишти мектептен баштоо зарыл. Биздин армияга эрки күчтүү жоокерлердин келишине шарт түзүп берели».

«Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеленген. Бүгүнкү күндө бул долбоор макулдашуудан өтүп, министрликтин расмий сайтына жайгаштырылды.

Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын базасында аскерге чейинки даярдык адистиги боюнча запастагы офицерлерди окутуу нормативдик ченеми да киргизилген. Ошондой эле июнь айында аскерге чейинки даярдык тууралуу өкмөттүн жобосун кайра карап чыгуу максатында талкуу өткөн. Ал жободогу кемчиликтерди оңдоо, аскерге чейинки даярдык сабагынын сапатын жогорулатуу максатында жасалууда.

Copyright © 2017 Maral FM