Биз менен байланышыңыз

Баткенде талкаланган үйлөрдүн саны 600дөн ашты

Кыска кабар | 23 Сен 2022 | 166 | 0

Баткен облусунда Тажикстандын аскерий агрессиясынын натыйжасында 613 турак жай талкаланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Материалдык чыгымды жергиликтүү жарандык коргоо комиссиялары аныктайт.

Ошондой эле административдик-стратегиялык маанидеги 9 объект, 15 социалдык мекеме, 323 мал сарай, көпүрө жана 26 автоунаа жабыркаган.

Баткен облусунун аймагында 23-сентябрга караган түн тынч өттү. Чек арада кырдаал салыштырмалуу туруктуу. Эки өлкөнүн облус жетекчилигинен түзүлгөн иш тобу бүгүн да иш алып барышат.

14-17-сентябрда Тажикстан кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын Баткен облусундагы жана Ош облусунун Чоң-Алай районундагы чек аралык жана жарандык объектилерге куралдуу чабуул жасады. Анда 59 кыргызстандык (аскер кызматкерлери жана жай тургундар) курман болуп, 198 киши жабыркады. 140 миңге жакын кыргызстандык чек арага жакын калктуу конуштардан эвакуацияланды.

Баткен облусуна жалпы 1 миң 332 тонна гуманитардык жардам жеткирилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM