Биз менен байланышыңыз

Бейкут «Эрдик» медалын акташым керек деп шейит кетти

Коом , Кыска кабар | 22 Сен 2022 | 1274 | 0

Тажикстандын Кыргызстанга кол салуусунда 14-сентябрдан бери 59 кыргызстандык курман болду. Алардын көпчүлүгү аскер кызматкерлери. Чек ара кызматында жүрүп, шейит кеткендердин басымдуу бөлүгү үй-бүлө кура элек жаш балдар, алардын бири үйдүн улуусу, 26 жаштагы Бейкут Алмаз уулу.

Бейкут Бишкек шаарындагы Аскер институтун аяктап, Чек ара кызматынын «Бөрү» отрядында иштеп жүргөн. Быйыл 30-сентябрда үйлөнмөк.

Таятасы Келдибек Усупбековдун айтымында, жоокерге снаряддын чачырандысы тийип, курман болгон.

«Акыркы жолу жайында келип кеткен. Атасы жок, каза болуп калган. Былтыр атасына аш берип, өзү быйыл үйлөнөм деп, баарыбыз даярданып жүргөнбүз. Былтыркы Тажикстандын Кыргызстанга болгон куралдуу кол салуусунда да жараат алып, көрсөткөн эрдиги үчүн президенттин колунан «Эрдик» медалын алган. «Бул наамды мага бекер берген жок, эми муну акташым керек», — деп иштеп жүрдү. Бейкут эч качан чек арадагы чырларды бизге айтчу эмес. Жээним дайыма биз менен кеңешип, биз менен жакшы сырдашчу».

Мындан тышкары, таятасы элибизде бейкутчулук болсун деп «Бейкут» деген ысымды өзү койгонун кошумчалады.

Бейкут Алмаз уулу 1996-жылы Нарын облусунда туулган. Нарын шаарындагы Чкалов орто мектебин аяктагандан кийин Бишкек шаарындагы Аскер институтуна тапшырган.

Бир үйдүн улуу баласы. Артында апасы, карындашы жана 4-класстагы иниси калды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM