Биз менен байланышыңыз

Тажикстан баскынчылыгы: 22 жаштагы Бекболсунга бир канча ок тийген

Кыска кабар | 22 Сен 2022 | 575 | 0

Тажикстандын Кыргызстанга кол салуусунан 14-сентябрдан бери 59 кыргызстандык курман болду. Алардын көпчүлүгү аскер кызматкерлери. Мындан сырткары тажиктердин баскынчылыгынан коргонуу учурунда 200гө жакын адам ар кандай жараат алган. Ушу кезге дейре өлүү-тирүүсү белгисиз болуп жаткандары да бар.

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салууда баатырларча курман болгондордун арасында Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Абад айылынын тургуну Бекболсун Рысбек уулу да бар. Ал 22 жашта болчу.

Бекболсун №2051 атайын багыттагы полкунун «Бөрү» отрядында аскердик кызматын өтөп жүргөн. Быйыл октябрь айынын башында кызматын толук өтөп, үй-бүлөсүнө кайтып келерин айткан эле.

Ал беш бир туугандын эң кенжеси, үйлөнө элек болчу.

«16-сентябрда тажиктер аткылап жатканда Бекболсунга бир нече ок тийген. Жарадар болгон иним башын көтөрүп жардам сурап кыйкырганда, башка атышып, ошондон шейит кеткен. 18-сентябрда сөөгүн жерге бердик», — деди Бекболсундун эжеси Юсупова Гүлшайыр.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM