Бүгүн, 22-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаттары кыргыз-тажик чек арасындагы жагдай тууралуу маселелерди жабык карап жатат.
Жыйынга Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев баштаган тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышууда.
22-сентябрь саат 8:30га карата мамлекеттик чек аранын Баткен облусундагы кыргыз-тажик тилкесинде абал салыштырмалуу туруктуу экенин УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.
Бүгүн чек ара аймактарын жарылбаган снаряддардан, миналардан жана башка жардыргыч заттардан тазалоо жана зыянсыздандыруу боюнча иштер уланмакчы.
14-17-сентябрда Тажикстандын Кыргызстанга куралдуу кол салуусунда 59 адам курман болду, 200дөй адам түрдүү жараат алды. 140 миңден ашуун адам коопсуз жактарга эвакуацияланды.