Биз менен байланышыңыз

УКМК чек арадагы акыркы кырдаал боюнча маалымат берди

Кыска кабар | 21 Сен 2022 | 3656 | 0

Бүгүн, 21-сентябрь саат 19:00гө карата мамлекеттик чек аранын Баткен облусундагы кыргыз-тажик тилкесинде чыңалуучу кырдаал түзүлүп жатканын УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, саат 18:20дан 18:50гө чейин Кыргызстандын Баткен районундагы Достук айылынын тушунда Тажикстандын аймагында эки жолу ок атылган.

Ал эми Лейлек районунун «Максат айылында жергиликтүү тургундардын унааларына ок атылды» делген жана «Достук айылына ок атылды» делген маалымат чындыкка дал келбейт.

Чек ара кызматы жарандарды социалдык түйүндөрдөгү такталбаган маалыматка ишенбөөгө чакырат.

Мурунку кол салууда контузия алган, мунусунда ок жаагын тешип кеткен Майрамбек

Copyright © 2017 Maral FM