Биз менен байланышыңыз

Мурунку кол салууда контузия алган, мунусунда ок жаагын тешип кеткен Майрамбек

Коом , Кыска кабар | 21 Сен 2022 | 5073 | 0

Тажикстандын Кыргызстанга куралдуу кол салуусунан 59 кыргызстандык курман болду. Алардын көпчүлүгү аскер кызматкерлери. Тажиктердин баскынчылыгынан коргонуу учурунда 200гө жакын адам ар кандай жараат алды. Мындан тышкары ушу кезге чейин дайынсыз болуп жаткандары да бар.

34 жаштагы Майрамбек Шазыдаев 2021-жылы да Тажикстандын Кыргызстанга кол салуусунда жарылган гранатадан жаракат алган. 2022-жылы Тажикстандын Кыргызстанга кайрадан кол салуусунда Майрамбекке эки жолу ок тийип, учурда Бишкектеги Улуттук госпиталда оор абалда жатат. Үй бүлөлүү, 3 уулу бар, келинчегинин да айы-күнүнө жетип, төртүнчү наристесин күтүп турушкан чагы.

Жакын досу Бакыт уулу Кыяздын айтымында, 16-сентябрдагы Ак-Сай айылында болгон тажик баскынчылары менен атышууда Майрамбектин капталына жана бетине ок тийген.

«Майрамбек экөөбүз Улуттук гвардияда бирге кызмат кылганбыз, ошондон бери жакын доспуз. Мекенге болгон сүйүүсү абдан күч, үй-бүлөсүн таштап коюп, былтыркы чек ара чырынан бери Баткенде кызмат кылып жүргөн. Аскер кызматында жүргөнүнө 10 жылдан ашты. Ал грек-рим күрөшү боюнча чебер, самбо боюнча чемпион, бир канча турнирге катышып, чемпион да болгон», — дейт ал.

Майрамбек Шазыдаев 1988-жылы 1-майда Ысык-Көл облусунун борбору Каракол шаарында төрөлгөн. 2008-жылы Улуттук Гвардияга аскерге чакырылган. 2013-жылы «Бөрү» атайын багыттагы отрядына контракт менен ишке кирип, кызмат кылып келаткан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM