Биз менен байланышыңыз

Тажиктер Замирбектин дүкөнүн тоноп, 8 млн сом зыянга учураткан

Кыска кабар | 21 Сен 2022 | 520 | 0

Тажикстандын куралчандары Баткен районунун Ак-Сай айылындагы 180 имаратты талкалап, тоноп, өрттөп кетишкен. Алардын арасында тажик аскерлеринин былтыр апрель айындагы кол салуусунда талкаланып, кайра калыбына келтирилген үйлөр да бар.

Лейлек районунун Интернационал айылынын тургуну Замирбек Сатаров ишкердик менен алектенет. Анын кийим-кече, тиричилик буюмдары, уюлдук телефон саткан дүкөнүн тажиктер талап-тоноп, танк жана миномёт менен аткылап кетишкен.

«Тажиктер катуу даярданыптыр. Бардык жагыбызды талап-тоноп, өрттөп кетишти. Биз 7-8 миллион сомдук материалдык зыян тартып калдык. Кредиттерибиз, карызга алган товарларыбыз бар эле. Ушул маселелер ойлондуруп жатат. Бирок апамдын, бир туугандарымдын аман калгандарына шүгүр келтирип жатам. Баш аман болсо буюм, акча табылат, албетте. Бирок бул жакта ар бир тургундун, элдин жашоосу ойго салып жатат», — деди ал.

Учурда Баткен облусундагы аткылоого кабылган айылдарга келтирилген чыгымды тактоо боюнча облустук жана райондук деңгээлде тиешелүү комиссиялар түзүлдү. Алар айыл өкмөттөр боюнча тогуз топко бөлүнүп иш алып барышууда.

Алдын ала маалымат боюнча, 364 турак жай талкаганган. Жеринде жарандык коргонуу комиссиялары иштеп жатат.

Комиссия текшерүүнүн жүрүшүндө канча үй канчалык деңгээлде жабыркаганын аныктайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM