Биз менен байланышыңыз

Толкунбек: «Тажиктер 12 кап өрүгүмдү уурдап, үйүмдү өрттөшүптүр»

Кыска кабар | 21 Сен 2022 | 2917 | 0
Иллюстрациялык сүрөт

Баткен районунун Паскы-Арык айылынын тургуну Толкунбек Ормонов кыргыз-тажик чек арасына 500 метр жакын жерде жашайт. Мындан улам тажик аскерлери тарабынан чабуул жасалганда биринчилерден болуп Толкунбектин үйү өрттөлгөн.

Толкунбек Ормонов үч баланын атасы. Өзүнүн атасы бир жума мурда каза болуп, ансыз да кайгыга батып турган. Атасын акыркы сапарга узатуу үчүн Орусияда иштеп жүргөн жеринен келген. Эми минтип үйү өрттөлүп, атасынан калган мурасы, үйүнөн да айрылып отурат.

«Өрүктөрүм, эки коюм бар эле, аларды уурдап кетишиптир. Мен Орусиядан келгенче үйдөгүлөр өрүктөрдү баргек кылып кургатып, капка салып койгон экен, он эки кап чыккан. Үйүбүз, корообуз баары күйүп, жараксыз болуп калган. Азыр үй-бүлөм менен башка айылдабыз, ошол жакка качып кеткенбиз. Келинчегим төрөй турган болчу. Буга байланыштуу бизди Ошко жөнөтүштү. Кечээ келинчегим аман-эсен көз жарып алды», — деди ал.

Келинчеги кечээ көз жарып, Толкунбек төртүнчү балалуу болду. Эч нерседен бейкапар жаткан наристени кайсы үйдө тосуп алары белгисиз.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM