Биз менен байланышыңыз

Баткен: Чек арадагы Дастандын үйү экинчи ирет өрттөлдү

Кыска кабар | 21 Сен 2022 | 178 | 0
Фото: Али Токтакунов

Кыргыз-тажик чек арасындагы кандуу окуяда Баткен облусунда талкаланган турак жайлардын, социалдык объектилердин саны 360тан ашат. Баткен районунун Ак-Сай аймагында эле 180 үй өрттөнгөн. Алардын арасында тажик аскерлеринин былтыр апрель айындагы кол салуусунда талкаланып, кайра калыбына келтирилген үйлөр да бар. 

Ал эми Лейлек райоунун Максат айылынын тургуну Дастан Нарипов тажиктер басып киргендеги учурду мындай айтып берди.

«Үйүбүз чек арага өтө жакын. Үй-бүлөм менен качалы деп жатсак, 7 жаштагы балам дааратканага барып келейин деп калды. Аны ошол жердеги тажик аскерлери автомат такап, коркутуп, араң качып чыктык. Бирок балам катуу чочулап калган окшойт, мурдагы абалына келе албай жатат».

Нарипов Дастандын үйү ушуну менен тажик баскынчылары тарабынан экинчи жолу өрттөлүп жатат. Былтыр апрель-май айында болгон кол салууда өрттөлгөн үйүн Түркия өкмөтүнүн көмөгүндө тургузган.

«Менин үйүм былтыр да, быйыл да өрттөлдү. Былтыр күйүп кеткен үйүмдү демөөрчүлөр салып берген. Жакшы, сапаттуу болчу. Көмүр аз кетчү, кышында шамал өткөрбөчү, бардык шарттар ичинде болгон», — деди ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM