Биз менен байланышыңыз

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Түркияда жети күн «Манас» айтылат

Кыска кабар | 21 Сен 2022 | 254 | 0

Түркиянын Бурса шаарында жети күн «Манас» айтылат. Бул тууралуу Кыргыз улуттук «Манас» театрынын директору Азиз Биймырза уулу «Маралга» кабарлады.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында уюштурулуп жаткан «Баарын коюп Манасты айт» жумалыгы 21-сентябрдан 28-сентябрга чейин Бурса шаарынын «Меринос» паркында болот.

Жумалыкка кыргыз манасчыларынан сырткары Түркиянын, Казакстандын, Венгриянын да «Манас» айтуучулары катышат.

Кыргыз улуттук «Манас» театрынын бул саамалык долбоору Кыргыз Республикасынын Президентинин колдоосу, бир катар уюм-бирикмелердин каржылоосу менен уюштурулуп жатат.

Айта кетсек, IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 29-сентябрь-2-октябрь аралыгында Түркиянын Стамбул шаарында өтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM